00:30
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкектин мэри Албек Ибраимов УКМК тарабынан кармалды

Бишкектин мэри Албек Ибраимов УКМКтарабынан кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган ведомстодон тастыкташты.

Маалыматка караганда, мэр «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби