04:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жарандык коом бачабаздык фактысы тууралуу маалыматтарды аз берүүдө

Жарандык коом бачабаздык фактысы тууралуу маалыматтарды аз берүүдө. Бул тууралуу тегерек столдо ИИМдин өкүлү Марат Сапаев билдирди.

Анын айтымында, бачабаздарды негизинен милиция таап чыгууда.

«Тартип сакчылары зордуктоого кабылган балдарды таап аныктап чыгышат. Бул учурда биз тиешелүү органдарга билдиребиз. Сексуалдык зордуктоонун 20 пайызы тааныш эмес кишилер тарабынан жасалат. Калганы өгөй ата, өз ата жана башка туугандары тарабынан зордукталат. Кошуналары бөлөк бирөөнүн жашоосуна кийлигишкиси келбейт, мындан улам балдарга карата жасалган зомбулук тууралуу билдиришпейт», — деди Марат Сапаев.

Эң көп окулган жаңылыктар