17:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусиянын кара тизмесинен 7 миңден ашуун кыргызстандык чыгарылды

Орусиянын кара тизмесинен 7 миңден ашуун кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу маалымат жыйында ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, айрым кыргызстандыктар кара тизмеге соттун чечими боюнча киргизилгендиктен, аларды тизмеден чыгаруу иштери оор болууда.

«2017-жылдын акыркы айларында кара тизмеде 77 миң киши катталган. Азыр алардын саны 70 миңге түштү. Тизмеден чыгаруу процесси уланууда. Бирок, 50 миңге жакын киши соттун чечими боюнча кара тизмеге киргизилиптир. Аларды сот гана чыгара алат», — деди Эрлан Абдылдаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума