23:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жыл башынан бери 54 аскер адамы кызматтык батирге ээ болушту

Жыл башынан бери 54 аскер адамы кызматтык батирге ээ болушту. Бул тууралуу маалымат жыйында коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин батирдик-пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Сыргабек Жумабеков билдирди.

Маалыматка караганда, батирлер баардык категориядагы аскер адамдарына берилди. Алардын катарында пенсионерлер, азыркы тапта эмгектенип жатышкан аскер адамдары, майыптар жана аскер адамдарынын жесирлери бар.

«31-августта 12-кичи райондогу үй пайдаланууга берилет. Ага 81 аскер адамы көчүп келет. Ошто октябрь-ноябрь айларында турак жай бериле баштайт. Батирлер атайын комиссиянын чечими менен ыйгарылат», —деди Сыргабек Жумабеков.

Эң көп окулган жаңылыктар