17:37
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Дональд Трамп Владимир Путин менен жолугушкандан кийин АКШда сынга кабылды

Орусиянын Америкадагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу Дональд Трамп АКШнын чалгын мекемелеринин буга чейинки бүтүмдөрүнөн күмөн санап, Владимир Путиндин бул багыттагы ырастоолоруна ынангандай түр көрсөткөнү үчүн америкалык саясатчылардын сынына кабылды.

Хельсинкидеги саммиттен кийин Путин менен биргеликте маалымат жыйынын өткөргөн Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөлөрүн өз өлкөсү үчүн «катастрофа» деп атады.

Куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү, адатта Дональд Трампты колдогон республикачыл сенатор Линдси Грэм президенттин билдирүүлөрү АКШнын «алсыздыгын» көрсөткөнүн айтты.

Республикачыл сенатор Жон Маккейн «Хельсинкидеги маалымат жыйын — тарыхта америкалык президенттин эң уят болгон кези», деп айтты.

Республикачыл конгрессмен Адам Кинзингер «Америка калкы чындыкка татыктуу, биздин чалгындоонун легитимдүүлүгүн барк албоо — бул өлкө үчүн кызмат өтөгөн кишилерди сыйлабагандык. Чындыкка тике караганга убакыт жетти. Владимир Путин биздин досубуз эмес, ал биздин эркиндигибиздин душманы» деди.

Барак Обама тушунда улуттук чалгындоонун директору болгон Жеймс Клэппер CNN телеканалына берген маегинде, «Кошмо Штаттардын президенти багынып берген сыяктуу, ал Владимир Путиндин алында коркуп калгандай. Бул өтө жагымсыз болду», - деди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби