18:10
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы акыркы 6 ай аралыгында 8,3 пайызга өстү

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы акыркы 6 ай аралыгында 8,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, дизелдик күйүүчү май 12,5 пайызга кымбаттаган. Нарын облусунда баалардын өсүшү 15 пайыз, Ысык-Көлдө 14,6 пайыз, Бишкекте 14,5 пайызды түздү. Ал эми Ош облусунда салыштырмалуу солярка болгону 7 пайызга кымбаттаган.

Бензин 7,7 пайызга кымбаттап, Бишкек шаарында баалардын өсүшү 9,9 пайызга жеткен. Минималдуу өсүш Ош облусунда байкалган, анда 2,4 пайызга жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар