21:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркиянын атайын кызматтары «хизметчилерди» уурдап өлкөгө алып кетүүдө

Түркиянын атайын кызматтары Феттуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына тиешеси бар деп эсептелип, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандарды уурдап өлкөгө алып кетүүдө. Бул тууралуу эл аралык ЖМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MIT) өткөн жума ичинде чет өлкөдө жашаган үч кишини уурдап алып келген.

Жекшемби күнү Украинада «Феттуллах Гүлендин террордук тобунун» мүчөсү Юсуф Инанды алып келишти. Ал кыймылдын массалык маалымат каражаттары боюнча эксперти болуп саналат.

Ага чейин Азербайжан жана Украинадан эки киши Түркияга алынып келинген. Марттын аягында Косовадан алты түрк күч менен кайтарылгандыгы маалымдалган. Анкаранын расмий маалыматы боюнча, акыркы убакта жалпысынан 18 өлкөдөн 80 «хизметчи» алынып келинген.

Эскерте кетсек, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Феттуллах Гулендин тарапташтарынын Кыргызстанга туудурган коркунуч туудурарын эскертип өткөн. Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 миңге жакын «хизметчи» бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума