01:06
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Манас» аба майданы 1 жарым миллиондон ашуун кишини тейлеген

«Манас» эл аралык аба майданы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1 миллион 660 миң 875 кишини тейлеген. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйылкы көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 343 миң 952 кишиге көп. Аталган аба майдан бул жылы бир суткада орто эсеп менен 9 миң 200 кишини тейлеген.

Ички аба каттамдары менен учкан кишинин саны 607 миң 777 кишиге жеткен. Ал эми эл аралык каттам аркылуу 1 миллион 53 миң 98 киши учкан.

Акыркы 6 ай аралыгында аба майдан аркылуу 14 миң 902 каттам жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума