Катуу шамалдын кесепетинен Бишкекте 2 терек кулап калды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Жашылдандыруу чарба» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабыркагандар болгон жок. Теректердин бири электр линиясына кулаган, бирок жарык үзгүлтүккө учураган эмес.
Эске салсак, кечээ ӨКМ катуу шамал болот деп эскертүү берген.