07:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Нариман Түлеевдин мурунку жубайы жана балдары президентке кат жолдошту

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин мурунку жубайы менен балдары акыркы жагдайлар боюнча президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдошту. 

Алар Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтып нааразы болушууда.

Алар өз кайрылуусунда шашылыш чечим кабыл албоо керектигин айтып, адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту жана Баш мыйзамды сактоону өтүнүшкөн.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Мира Сыдыкованын үйүнө сот аткаруучулары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйдү тартып алууга келгендерин билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар