21:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев Нариман Тулеев кечирим сураса гана түрмөдөн чыгарарын айткан

Алмазбек Атамбаев Нариман Тулеевден андан кечирим суроосун талап кылган. Бул боюнча «24.kg» агенттигине Нарын облусунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Салыбек Чолуев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Тулеев абакта жаткан кезде ал кездеги өлкө башчысы аны актоо үчүн бир гана талап койгон.

«Биз Жогорку Кеңештеги көп депутаттарга кайрылдык. Бизге Чыныбай Турсунбеков гана жардам көрсөтүүгө аракет кылды. Ал Нариман Тулеевди абактан чыгаруу сунушу менен ал кездеги президентке жети жолу кирип чыкты. Акыркысында гана ишти шаардык сот карап жатканда Алмазбек Атамбаевден кечирим сурашы керектигин айтты. Бирок, Нариман Тулеев президенттен кечирим суроодон баш тартты. Ал «мен ак болсом, эмнеге андан кечирим сурамак элем» деп болбой койду. Ошону менен сүйлөшүүлөр да токтоп калды» — дейт Салыбек Чолуев.

Анын пикиринде, эгерде Нариман Тулеев президенттен кечирим сураганда акталып, мүлкүн да сактап калмак.

«Ошо кечирим сурабагандыгы үчүн бир топ мүлкүн, жада калса, атасына, кызына жазылгандарды да тартып алышпадыбы» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума