20:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нариман Түлеев мурунку жубайынын үйүн конфискациялоо тууралуу

Нариман Түлеев Facebook баракчасына мурунку жубайынын үйүн сот аткаруучулары жана мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери басып алуулары тууралуу пикирин кененирээк жазды. 

Анын айтымында, бул жакындарына гана болгон сокку эмес. Бул адам укуктарын каалагандай калчагысы келгендердин оюну.

Менин мурунку жубайым балдар менен көптөн бери ошол үйдө жашап келишкен. Көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин кыймылсыз мүлктүн мыйзамдуу экени аныкталган. Мен буга чейин деле бир канча жолу жазып чыккам, жападан жалгыз гана мүлк, турак үй бир дагы өлкөнүн мыйзамында конфискацияланбайт деди

Нариман Түлеев

Эске салсак, бүгүн эртең менен Мира Сыдыкованын үйүнө сот аткаруучулары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйдү тартып алууга келгендерин билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар