20:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нариман Түлеевдин мурунку жубайы үйүн тарттырып ийиши мүмкүн

Нариман Түлеевдин мурунку жубайынын үйүн тартып алышканы турат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкектин экс-мэринин бир тууганы Нарынбек Түлеев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен Мира Сыдыкованын үйүнө сот аткаруучулары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишти. Алар Ленин райондук сотунун өкүмүн аткаруу максатында келишкенин билдиришүүдө.

«Буга чейин Башкы прокуратура биздин кайрылуубузга маселени соттук тартипте чечебиз деп жооп беришкен. Мен башкы прокуратурага сотторго каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз бердим», —деди Нарынбек Түлеев.

Анын айтымында, Мира Сыдыкованын бул үйдөн башка мүлкү жок.

Эң көп окулган жаңылыктар