17:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Нариман Түлеевдин жактоочусу Ленин райондук сотуна кайрылды

Нариман Түлеевдин жактоочусу Ленин райондук сотуна Мира Сыдыкованын үйүн кандай негизде алып жатканын билүү үчүн кайрылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов билдирди.

Анын айтымында, Мира Сыдыкованын үйүндө азыркы тапта сот аткаруучулары менен милиция жүрөт. Бирок, Түлеевдин жакындары аларды үйдүн ичине киргизбей жатышат.

«Бул үй Нариман Түлеевдин баласына катталуу. Балдардан жападан-жалгыз кыймылсыз мүлктү тартып алуу-мыйзамсыз чечим», -деди Качкын Булатов.

Эң көп окулган жаңылыктар