02:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Миллион сомдон ашуун акча уурдаганга шектүү Жогорку сот тарабынан акталды

Миллион сомдон ашуун акча каражатын уурдаганга шектүү делген Элдияр Туткучев Жогорку сот тарабынан акталды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Маалым болгондой, шектүү жаран буга чейин күнөөсүн мойнуна албай, кылмышка тийиштиги жок экендигин айтып келген.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Элдияр Туткучев тоноо маалында сүйлөшкөн кызынын туулган күнүндө болгондугу аныкталды. Ал Октябрь РИИБнын кызматкерлери үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алып, пластмассадан жасалган тапанча, газ баллон жана бир коробка гашишти атайын таштап кеткендигин айткан.

Билдирүүгө ылайык, 2017-жылы Анкара менен Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайдан белгисиз бирөөлөр 6 миң 557 доллар, 52 евро, 163 миң 750 рубль, 381 тенге, 10 түрк лирасы, 551 миң 230 сомду тоноп кетишкен. Жалпы суммасы 1 миллион 325 миң 383 сомду түзгөн.

Бактыбек Жумашевдин айтымында, Октябр РИИБнын кызматкерлери Элдияр Туткучевди күнөөнү мойнуңа ал деп кордук көрсөтүп келишкен. Бирок, ага карата кылмыш иши козголгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар