17:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Апрель окуясы. Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулду

Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу милициянын генералы кылмыштын курамында болбогондугу менен түшүндүрүлдү.

Эске салсак, ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.

Ошол эле жылдын 26-апрелинде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал камакка алынган. Кийинчерээк аны кое беришкен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума