06:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте гипермаркеттин кызматкери кассадан акча уурдап качып кетти

Бишкекте гипермаркеттин кызматкери кассадан акча уурдап, Баткенге качып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаадагы гипермаркеттердин биринин директору милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал кассадан ири суммадагы акчаны уурдап качып кеткен кызматкерге карата чара көрүлүшүн суранган.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, шектүүнү кармашты. Ал 27 жаштагы Х.Ч. аттуу жаран болуп чыкты. Анын тинтүү маалында жанынан 1 миллион сомдон ашуун акча табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар