21:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Түркиянын 10 жаранына жарандык берүү жана «Калыс-Ордодо» жаңы конушундагы мектепти курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу актады.

Судья чечимди окуп жатып, күбөлөр жана чиновниктердин бири дагы Атамбаевди коррупцияга же кызматтык ыйгарым укуктарын атайылап пайдаланды деп айыптаган көрсөтмө бербегенин айтты.