10:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандан айрым айыл чарба товарларын экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, өлкөдөн чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан азыктарын, арпа, күрүч жана сулу алып чыгууга болбойт.

Экспортко убактылуу тыюу салуу алты айга киргизилет. Реэкспорт, транзит, ошондой эле министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдын мораторийге тиешеси жок.

Эң көп окулган жаңылыктар