Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди операцияга даярдашууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.
Анын айтымында, депутат т учурда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өтүүдө. Даарыгерлер анын жүрөк жана дем алуу органдарына байланыштуу бир нече диагноз коюшту.
«Операцияга даярдык иштери көрүлүүдө. Ахыбалы оор экенин айтышты», — деди Айжан Орозакунова.
Эске салсак, буга чейин УКМКдан камактагы депутат ооруканага жеткирилгенин кабарлашкан. Осмонбек Артыкбаевге Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн ТВЕА менен түзүлгөн келишимдин алкагында айып тагылган.