Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия оюндарына карата окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Азия оюндарына кыргызстандык мушкерлер Ысык-Көлдө даярдыктан өтө башташты.
Иш чарага 22 мушкер чакырылган.