Кырсыкка кабылган тик учактын кесепетинен жабыркаган аскер адамдарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 3 аскер адамы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин ооруканасына жаткырылган.
«Жабыркаган аскер адамдары ар кандай жаракаттары менен ооруканага жаткырылды. Керектүү медициналык жардамдарды алып жатышат», — дешти Башкы штабдан.
Эске салсак, 9-июлда тик учак Түштүк Эңилчек аймагынан катуу шамалдын кесепетинен кырсыкка кабылган.