06:50
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сапар Исаков кыргыз тилин тереңден өздөштүрүп жатат. Айбек Калиев спорт залда

УКМКнын тергөө абагында отурган мурунку премьер-министр Сапар Исаков кыргыз тилин өркүндөтүү менен алектенүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

УКМКнын тергөө абагында отурган мурунку премьер-министр Сапар Исаков кыргыз тилин өркүндөтүү менен алектенүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Сапар Исаков мурункудай эле ден соолугуна жана кармоо шарттарына карата эч кандай нааразычылыгын билдирген жок. «Сапар Исаковдун азыр бош убактысы көп болгондуктан, кыргыз тилин тереңден өздөштүрүп жатат», — деди Нурбек Токтакунов. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысынын жактоочусу Бактыбек Жумашевдин «24.kg» агенттигине берген маалыматына караганда, Айбек Калиев спорт залда машыгууда. Анын ден соолугуна байланыштуу нааразычылыгы жок. Керектүү дары-дармектерди алып жатат. Эске салсак, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 7 аткаминерге карата жемкордук айыбы тагылууда.

«Сапар Исаковдун азыр бош убактысы көп болгондуктан, кыргыз тилин тереңден өздөштүрүп жатат», — деди Нурбек Токтакунов.

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысынын жактоочусу Бактыбек Жумашевдин «24.kg» агенттигине берген маалыматына караганда, Айбек Калиев спорт залда машыгууда. Анын ден соолугуна байланыштуу нааразычылыгы жок. Керектүү дары-дармектерди алып жатат.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 7 аткаминерге карата жемкорлук айыбы тагылууда.