12:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Саламаттык сактоо министрлигине гемодиализ үчүн 5 аппарат берилди

Саламаттык сактоо министрлигине гемодиализ үчүн 5 аппарат берилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, аппараттар кайтарымсыз түрдө «Фрезениус» немец компаниясы тарабынан берилди.

3 аппарат Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына, калган экөө Талас облусуна берилет. Буга чейин Каракол шаарында гемодиализ аппараты сынып калганы маалымдалган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда гемодиализге кезекке тургандар жок. Процедуралар бюджеттик негизде 600гө жакын кишиге жасалат. Дагы 600дөн ашуун бейтапка жалпы медициналык камсыздандыруу фондунун негизинде жеңилдиктер каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби