USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргызстанда мас абалында унаа башкарган 151 айдоочу кармалды

09:32, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 29-июндан 5-июлга чейин мас абалында унаа башкарган 151 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, бир жума ичинде тартип сакчылары 18 миң 277 эреже бузуу фактыларын каттоого алышкан.

Ага ылайык, жол белгилеринин эрежелерин сактабаган 3 миң 155 айдоочуга айып пул салынды. Светофордун тыюу салган сигналына карабай жолдон өтүп кеткен 624 айдоочу кармалды. Ал эми эки жарым миңдей айдоочу катуу ылдамдык менен айдап эреже бузушкан.

Кооптуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташуу боюнча 23 айдоочу тартип бузган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика