18:13
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Вице-мэр Ренат Макенов суракка чакырылды

Бишкекте жер аянтын мыйзамсыз берүү тууралуу иш боюнча шаардын вице-мэри Ренат Макенов суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Ренат Макенов буга чейин 1 күн мурун сурак берип чыккан. Бүгүн УКМКнын тергөөчүсү аны кайрадан чакыртып, учурда сурак берүүдө.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жер ресурстары башкармалыгы тарабынан жер аянттарын мыйзамсыз берүү фактысынын бетин ачкан. 2014-жылдын октябрында муниципалдык менчик башкармалыгы жеке жактарга 12-кичи райондон 3,38 гектар аянттагы жерди 1 жылдык мөөнөт менен берип койгон.

Ал кезде аталган башкармалыкты Ренат Макенов жетектечү.

Эң көп окулган жаңылыктар