00:46
USD 69.83
EUR 79.06
RUB 1.05

Өзбекстанда эски паспорттордун мөөнөтү узартылды

Өзбекстан өкмөтү эски, биометрикалык эмес паспорттордун мөөнөтүн 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Тиешелүү токтом 30-июнда кабыл алынган.

Юстиция министрлиги Telegram-каналында билдиргендей, биометрикалык эмес паспорттор бул мөөнөткө чейин чет өлкөгө чыгуу-кирүү учурунда жарамдуу болот.

Өзбекстанда биометрикалык паспортторду берүү 2011-жылы ноябрда башталган. Документти алмаштыруу 2015-жылы аякташы керек болчу, бирок кийин анын мөөнөтү 2018-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Өлкө ИИМи паспортун алмаштырбаган жарандар үч минималдык айлык көрсөткүчкө чейинки айыппулга жыгыларын эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар