21:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Айкөл Ала-Тоо»: Молдомуса Конгантиев кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук фондунун мүчөлөрү мурунку ички иштер министр Молдомуса Конгантиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, президентке кайрылышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган уюмдан билдиришти.

Апрель революциясынын баатырларынын пикиринде, укук коргоо органынын мурунку башчысы Бакиевдердин үй-бүлөсү башкарып турган бийликти узурпациялагандыгы үчүн жоопко тартылышы керек.

«2010-жылы 7-апрелде үй-бүлөлүк режимди алып түшкөнбүз. Биздин жолдошторубуз каза болушту. Молдомуса Конгантиев кандуу бийликтин жакын досу болчу. Сот аны кылмыштын курамында жок деп актап койду. Бул бизди бетке чапкандай эле болду», — дешти нааразы тарап.

Эске салсак, буга чейин жактоочу Икрамидин Айткулов «24.kg» агенттигине Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар