Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.
Маалым болгондой, Икрамжан Илмянов ден соолугуна жана үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу отставкага кетти.
Кошумчалай кетсек, 5-июлда федерациянын кезектеги съезди болуп, анда жаңы президент болуп Жыргалбек Саматов шайланды.