21:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чет өлкөлүктөр Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн көбүрөөк акы төлөшөт

Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна ээ болушу үчүн, уруксаат берүүчү документтердин бааларын көбөйтүү сунушталууда. Миграция кызматы өкмөттүн долбоорун коомдук талкууга койду.

Маалым болгондой, баалар 2006-жылы коюлган. Андан кийин бир дагы жолу каралган эмес. Долбоордо жеке жактар үчүн 30 миң сомго, чет элдик ишкерлер үчүн 50 миң сомго чейин көбөйтүү каралган.

Болжолдуу маалыматка караганда, эгерде баалар көтөрүлгөндөн кийин мамлекеттик бюджетке келип түшкөн акча каражаты 1 жылда 200 миллион сомго көбөймөк.

Эң көп окулган жаңылыктар