07:58
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, миграциялык мыйзамдарды бузган 37 чет өлкөлүк жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренеси «Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу» менен протоколдор толтурулду.

Алардын 14ү Пакистандын, 23ү Бангладеш мамлекетинин жарандары.

ИИМ
Фото ИИМ

Азыркы учурда аларды чакырган физикалык жана юридикалык жактар аныкталууда.

«2024-жылдын үч айында мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 59 фактысы аныкталып, топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бул аралыкта миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндө 6 миң 80 бузуулар катталып, айыптардын жалпы суммасы 19 миллион 97 миң сомду түздү», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар