08:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Баткенде сууга чөгүп кеткен кызды издешүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында сууга чөгүп кеткен кызды издешүүдө.

Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, белгисиз кыз Исфайрам дарыясына чөгүп кетиши мүмкүн. Күбөлөрдүн айтуусунда, жээкке чечип койгон бут кийим кыз балага таандык.

ӨКМдин маалыматында, январь-май айларында 24 киши сууга чөгүп кеткен.