19:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы жарактан чыккан телефон линиясы оңдоло элек

Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы жарактан чыккан телефон линиясы 3 жумадан бери оңдоло элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Петровка айылынын тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, 30-июлдан бери стационардык телефон, интернет иштебей жатат. Ал эми уюлдук телефон үзүл-кесил иштөөдө. Жолдорду оңдоо иштерин жүргүзгөн подрядчик кабелдик линияны жабыркаткан.

Унаа жана жолдор министрлиги «Кыргызтелеком» ишканасынын кабельдик линиясын оңдошконун айтышууда. Кабельдик линияны толугу менен ушул жуманын акырына чейин алмаштырабыз деп пландап жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума