03:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Таласта изделип жаткан орусиялык турист табылды

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен орусиялык турист аял аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарынан Кара-Коюн жайлоосуна 8 турист эс алууга келишкен. 3-июлда эс алып жүргөн жеринен 1966-жылы туулган Пригожина М.А. жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан 5 куткаруучу жана 8 тартип сакчысы тартылган.

Жоголгон турист саат 23:20 чамаларында Кара-Коюн жайлоосунан аман-эсен табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар