00:27
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Салык органдарына отчёт бербеген ишканага карата кылмыш иши козголду

Салык органдарына бир дагы жолу отчёт бербеген ишканага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги ишканалардын бири салык кызматына отчёт бербей, жалпысынан өлкө казынасына 7 миллион сомдон ашуун акча каражатын төлөбөгөндүгү аныкталды.

Ишкананын ээси сурак маалында ишкердик менен алектенбей турганын билдирген. Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Эске салсак, аталган ишкана 2017-жылы Бишкек шаарында каттоодон өткөн. Ал Кытайдан товар ташуу менен алектенип келген. 

Эң көп окулган жаңылыктар