11:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нурэмир Бабанов Кыргызстандагы ЖОЖго өтүү үчүн «Алтын сертификатты» колдонбойт

Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов Кыргызстандагы ЖОЖго өтүү үчүн «Алтын сертификатты» колдонбойт. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда ЖРТ боюнча жогорку упайга ээ болгон абитуриенттер президенттин колунан ноутбук жана акчалай сыйлык алышат.

№ 61 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Нурэмир Бабанов ЖРТдан 224 балл алган.

Бул тестке катышып көп балл алуу тапшырмасын алдыга койгон эмес элем. Мектебимдин намысын коргош үчүн тестти тапшыргам. Анын жыйынтыгы мен үчүн жаңылык деле болгон жок.

Нурэмир Бабанов

Ал чет өлкөдө окууну пландап жатканын айтып, бирок кайсы өлкөгө бара турганын жашыруун калтырды.

Эң көп окулган жаңылыктар