20:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айымында, абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:

  • 1-тур — 20-22-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 2-тур — 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур — 3-5-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар