Бишкек шаарында 4 жашар бала терезеден кулап кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабыркаган бала № 3 балдар ооруканасына алынып келинген, бирок алган жаракатынан улам каза болду.
Болжолдуу маалыматтарга таянсак, окуя Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы жеке үйдө болгон.