Ош шаарынын тургуну тартип сакчыларына мыйзамсыз сакталган автоматты өз ыктыяры менен тапшырды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну АКС-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды милицияга тапшырды. Учурда курал экспертизага жиберилди.
Маалыматка караганда, акыркы 3 жума аралыгында жергиликтүү тургундар тарабынан 3 ок атуучу курал тапшырылды.