17:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан: Ири өрттөн кийин базардын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жакында эле өрт чыккан Душанбедеги «Султони Кабир» базарынын жооптуу кызматтагы адамдарына айып тагылып, кылмыш иши козголду. Тергөөнүн версиясы боюнча 2-июндагы өрттүн чыгуу себептеринин бири — аталган адамдардын өз милдеттерине «көңүл кош мамиле кылгандыгы» болгон.

Анда өрт маалында бир нече кампа жана 21 соода жайы күйүп, жалпы чыгым 3,5 миллион сомонини же 390 миң долларды түзгөн.

Душанбенин өрткө каршы кызматынан билдиришкендей, териштирүү иштеринин жыйынтыгында базардын үч кызмат адамына «мүлккө зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Эгер алар күнөөлү деп табылса, 12 500 сомони өлчөмүндөгү айыппулга жыгылып, эки жыл коомдук жумуштарды аткаруу же эки жылга эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат.

Өткөн айдын башындагы өрттөн дээрлик 30га жакын ишкер олуттуу зыянга учураган. «Султон Кабир» базарынын директору Султон Кабиров базардагы өрткө каршы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирип, анда атайын өрткө каршы бөлүм ачуу каралып жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар