11:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Араванда опузалап акча талап кылгандар кармалды

Ош облусуна караштуу Араван районунда опузалап акча талап кылган 2 киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, РИИБга С.Юсупов айыл өкмөтүнүн 1993-жылы туулган тургуну Э.М.нын үйүнө 2 чоочун киши келип, аны белгисиз тарапка алып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иш-чаралардын негизинде 3-августта Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган тургундары Ю.Х. жана И.Ж. колго түшүрүлгөн. Алар жабырлануучу Э.М.дан 10 миң сом акча талап кылып жатышкан жеринен кармалды.

Кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун үйүнө кирип, өздөрүн криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү катары тааныштырып, үй ээсин бир нече жолу уруп, 50 миң сом талап кылышкан. Ошондой эле, алар бычак менен сайып өлтүрө турганын айтып коркутушкан.


Эң көп окулган жаңылыктар