11:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сыймык Жапыкеев: Мелис Аспековдун алган акчаны мени менен бөлүшкөнү калп

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев 24.kg агенттигине Мелис Аспековдун көрсөтмөсү боюнча маалыматка пикирин билдирди.

Анын айтымында, жарандык активист Мелис Аспеков ага каршы көрсөтмө бергенине ишенбейт.

«Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок. Ал өзүнчө жүрөт. Ким кимден акча талап кылгынан тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Маалымат калп, ушак, ал антип айтмак эмес. Улан Жураевди тааныбайм деле, бир жолу кафеден көргөнмүн», — дейт Сыймык Жапыкеев.

Белгилей кетсек, айрым ЖМК өздүк булактарына таянып, Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бери жатканын жарыялады. Маалыматта Мелис Аспеков доолаган 250 миң доллардын 50 миң доллары Сыймык Жапыкеевге берилмек.

9-январь күнү УКМК Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандарды кармашкан. Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө, алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчисинен 250 миң доллар талап кылышкан.

Мелис Аспеков октябрь айында Садыр Жапаровду коштоп жүрүп, кийин өзүн анын Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар