21:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Шашылыш билдирүү! Бийик тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт

28-июндан 1-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын айрым райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-июнда жана 1-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.  1-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 

3-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райодорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар