Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун милициялары бир жарым жаштагы баланын туугандарын издешүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, баланын энеси Чычкан дарыясына кулап кеткен унаанын ичинде каза болгон. Куткаруучулар аялдын сөөгүн алып чыгышкан, бирок анын жанында эч кандай документи жок болгондуктан өздүгү такталбай жатат.
Кырсык болгон күнү аял бир жарым жаштагы баласы менен келе жаткан. Бала эч кандай жаракат алган эмес, учурда ал райондук ооруканада жатат.