14:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте 15 жеке менчик мончо жана унаа жуучу жай жабылды

Бишкекте 15 жеке менчик мончо жана унаа жуучу жай жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Шаардын айрым райондорундагы ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу сууну үнөмдөө аракети көрүлүүдө. Андан улам, мэрия мончо, бассейн жана унаа жуучу жайларды жабуу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.

Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт. Учурда «Орто-Алыш» суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар