20:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токмокто киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Токмокто киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө 68 жаштагы Д.В., аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу билдирүү келген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Д.В., киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган кылмышка шектүү делип Нарын облусунда туулган 40 жаштагы жаран кармалды. Маалыматка ылайык, шектүү Токмок шаарында 60 жаштагы Д.В., менен спирт ичимдигин ичип отуруп, ортолорунда чыр чыккан. Кылмышкер күч колдонуу менен Д.В.,нын денесине ар кандай жаракат келтирип, кесепетинен жабырлануучу каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар