14:45
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Уурулар мектеп окуучуларынын жардамы менен кармалды

Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирген эки киши мектеп окуучуларынын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган шаардын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине уурулукка кирген эки кишини кармоого мектеп окуучулары жардам беришкен.

Көрсөткөн эрдиктери үчүн11 жаштардагы Бекжан Акматжанов, Нуртай Абдивалиев жана 14 жаштагы Нурмухамед Абдивалиев Жалал-Абад ШИИБнын алкышына татышты.

Окуя 19-июнда кечки саат 17:00 чамасында катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар