03:28
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Депутат башка кызматка кетип жатканына байланыштуу мандаттан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты Исланбек Сарсейитов башка кызматка кетип жатканына байланыштуу депутаттык мандатынан баш тартты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Маалыматка караганда, Исланбек Сарсейитов «Электрдик станциялар» ишканасынын директорунун орун басары кызматын аркаламакчы.

Алмазбек Баатырбеков билдиргендей, Исланбек Сарсейитовдун ордуна тизме боюнча Орозбек Алыбаев депутат болуп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар