05:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине фракция лидери Алмазбек Баатырбеков тастыктады.

Анын айтымында, ал арыз жазып Боршайкомго жөнөткөн. БШК арызды алганын тастыктап, бирок азырынча карала электигин айтышкан. Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу тез арада мандатын тапшырууну чечкен.

Эске салсак, Насыр Мусаев Жогорке Кеңештин отурумуна көп келген эмес. Мартта аталган фракция Жогорку Кеңештин профилдүү комитетине кайрылып, Насыр Мусаевди депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу маселени чечип берүүнү суранышкан. Депутаттык кресло үчүн кийинки тизмеде Айнура Аскарова турат. Учурда ал «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгында иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар