17:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Парламент депутаты Садыр Жапаровго уулу Рустамды тыйып коюну сунуштады

Садыр Жапаровдун уулу Рустам саясый иштерге аралашып, шайлоого аттанууга камынган талапкерлер менен жолугушуу уюштурууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов айтып чыкты.

Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, уулун тизгендеп коюуну сунуштады.

«Рустам Жапаров Бишкектеги кофейняларда талапкерлер менен жолугушуу өткөрүп жатат экен. Президенттин уулу саясатка аралашпашы керек. Биз мурдакы президенттин тажрыйбасын билебиз. Үй-бүлөлүк кеңеште туура чечим кабыл алат деп ойлойм», — дейт Дастан Бекешов.

Эң көп окулган жаңылыктар